"Билим берүү чөйрөсүндөгү жасалма интеллект: билим берүү процессине технологияларды интеграциялоо" курсу
04.02.2025
2024-жылдын 1-2-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында "Билим берүү чөйрөсүндөгү жасалма интеллект: билим берүү процессине технологияларды интеграциялоо" темасында эки күндүк курс болуп өттү.
Иш-чара академиянын профессордук-окутуучулар курамы үчүн жасалма интеллекттин заманбап технологиялары жана алардын билим берүү ишмердүүлүгүнө колдонулушу менен тааныштыруу максатында уюштурулган.
Курстун алкагында катышуучулар жасалма интеллекттин негиздерин, анын өнүгүү тарыхын жана иштөөсүнүн негизги принциптерин изилдешти. Окутуучулар окуу материалдарын түзүү, күнүмдүк тапшырмаларды автоматташтыруу жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдонула турган популярдуу AI-инструменттери менен таанышышты.
Курстун программасы төмөнкүлөрдү камтыды:
- Жасалма интеллектке киришүү жана анын билим берүүдө колдонулушу.
- Окуу программаларын, презентацияларды, электрондук портфолиолорду жана интерактивдүү материалдарды түзүү үчүн AI инструменттерине сереп салуу.
- Веб-баракчаларды, Mind Map жана QR-коддорду иштеп чыгуу үчүн AI колдонуу боюнча практикалык сабактар.
- Чыгармачылык тапшырмалар үчүн AI колдонуу: сүрөттөрдү түзүү, визуалдык элементтерди (открыткалар, логотиптер) жана видеороликтерди түзүү.
- Анимация, музыка жана аудио контент түзүү үчүн платформалар менен таанышуу.
Курс окутуучулар тарабынан жогору бааланды, алар анын практикалык багытын жана теманын актуалдуулугун белгилешти. Катышуучулар алган билимдерин жана көндүмдөрүн билим берүү процессин инновациялык жана натыйжалуу кылуу үчүн кесиптик ишмердүүлүгүнө киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.