КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жаңы жетекчиси менен жолугушуу

05.03.2025

2025-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич менен Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жаңы жетекчиси Константин Блашке мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Академия менен Ханнс Зайдель Фондунун ортосундагы азыркы кызматташтыкты талкуулап, келечекке пландарды белгилешти. Төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү: мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу;  .

Билим берүү программаларын колдоо: биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуу достук жана конструктивдүү кырдаалда өтүп, тараптар мындан ары да жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.