КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген экономисти А.Токтоналиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу айкелин ачуу аземи болуп өттү

07.06.2019

Бүгүн КРПМБАга караштуу А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун алдында Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген экономисти А.Токтоналиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу айкелин ачуу аземи болуп өттү. Иш чарага КРПМБАнын жетекчилери, коомдук ишмерлер, БФЭТнун кызматкерлери, студенттери  жана А.Токтоналиевдин үй-бүлөсү катышышты.

А.Токтоналиев мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1960-жылы 30 жашында Финансы министри кызматына келип 26 жыл жетектеп келген. А.Токтоналиев өзүнүн ишмердиги, көрөгөчтүгү, элибизге жана мамлекетебизге жасаган иштери менен түбөлүккө Кыргызстандын тарыхында калаарын катышуучулар айта кетишти.

Бул улуу инсандын ысмы Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине, Бишкек финансы-экономикалык техникумуна жана өзү туулуп-өскөн айылына ыйгарылган.