КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Мамлекеттик тил мыйзымынын 30-жылдыгына арналган «Муундардын мурасы» этно-жүрүш иш чарасы болуп өттү

30.09.2019

 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) Бишкек финансы-экономикалык техникуму менен биргеликте  Мамлекеттик тил мыйзымынын 30-жылдыгына арналган «Муундардын  мурасы» этно-жүрүш иш-чарасын өткөзүштү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук кийимдердин, музыкалык аспаптардын жана илгерки муундардын жасап келе жаткан тамак аштары тартууланды.

Бул иш-чаранын негизги максаты ата бабаларыбыздан алып калган ыйык мурастарыбызды: Ата мекенибиз, эне тилибиз, салт-санаабызды сактап келекчек муунга өткөзүп берүү болуп саналат.

«Муундардын  мурасы» этно-жүрүштүн аягында конкурска катышкан командаларга номинациялар ыйгарылып, Академия “Жээренчи чечен” атту наамга татыктуу болду.