КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жана "Менеджмент" тайпаларынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи

20.02.2020

2020 - жылдын 20 - февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Борбордук Азиядагы Ханнса Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жана "Менеджмент" тайпаларынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Германиядан келген коноктор: Ханнс Зайдель Фондунун башчы офисинин өкүлдөрү: Доктор Изабел Харбрехт айым, Максимилиан Шмид мырза,

Германиянын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнөн келген коноктор: Кай-Уве Шпихер мырза; Ирия Берг айым, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын бөлүмүнүн башчысы Аттокуров Алмаз Анарбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Алишеров Нурдин Куванычбекович, КРПМБАнын проректору Баймулдинова Анара Токталиевна, жана КРПМБАнын Башкаруунун жогорку мектебинин директору Аманалиев Урмат Олжобекович бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты.