КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАнын ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН УЮШТУРУЛГАН "ДОЛБООРДУК СУНУШТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ" ТЕМАДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

22.11.2019

2019-жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында КРПМБАнын окутуучулары жана кызматкерлери үчүн уюштурулган "Долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу технологиялары" деген темада семинар болуп өттү.

Тренингдин жүрүшүндө негизги түшүнүктөр, долбоордун жашоо цикли, ошондой эле долбоордук сунуштардын түрлөрү жана долбоорлорду иштеп чыгуунун негизги талаптары баяндалды. Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар долбоорлорду иштеп чыгышып, сунушташты.

Тренерлер: А.О.Мамытова, КРПМБАнын эл аралык программалар кафедрасынын окутуучусу, Айнекенова Ч.А. – экономика илимдеринин кандидаты, доцент, CAPACITY BUILDING CONSULTING GROUP директору.