КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда УХАНЬ ШААРЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫНА “УХАНЬ, БИЗ СИЛЕР МЕНЕН!” ДЕГЕН УРААН МЕНЕН КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ АКЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

05.02.2020

2020-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында Ухань шаарынын жашоочуларына “Ухань, биз силер менен!” деген ураан менен колдоо көрсөтүү акциясы болуп өттү.

Иш-чаранын демилгечиси академиянын бакалавр программасы болду: репетиторлор, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Арапова Э.Б., улук окутуучу Окенаева М.Ж. Академиянын проректору айтып өткөндөй Баймулдинова А.Т. Ухан шаарында болгон трагедияга бүгүнкү күндө ар бирибиз кайдыгер карай албайбыз. Коронавирус коңшу Кытай үчүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн көйгөй.

Акциянын максаты - коңшу өлкөгө ушул көйгөйгө каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүү жана Кытай жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтабыз.