КРПМБАда КАЛИКОВА ГҮЛНАРА АМАНЖОЛОВНЫН АЧЫК ЛЕКЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
04.03.2020
2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында "Kalikova & Associates" юридикалык компаниясынын кеңешчиси, МЖӨ маселелери боюнча эксперт, юридикалык илимдердин кандидаты Каликова Гүлнара Аманжоловна тарабынан "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тартуу куралы катары Кыргыз Республикасында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеке инвестициялар " аттуу ачык лекциясы болуп өттү.
Лекцияга магистранттар, Академиянын магистратурасынын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү катышты.
Лекциянын аягында катышуучулар өзүлөрүн кызыктырган суроолорун бере алышты.