КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда "БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТТИН ЗАМАНБАП ЧАКЫРЫКТАРЫ ЖАНА МАГИСТРДИК ПРОГРАММАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ" АТТУУ ТЕМАДА ТЕГЕРЕК СТОЛ БОЛУП ӨТТ

12.03.2020

2020-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында “Экономика жана менеджмент” кафедрасы тарабынан уюштурулган "Бизнес жана менеджменттин заманбап чакырыктары жана магистрдик программаларын иштеп чыгуу" аттуу темада тегерек стол болуп өттү.

Баяндамачылар: экономика илимдеринин доктору, м.а. проф., "Экономика жана менеджмент" кафедрасынын башчысы Абдиева А.И., экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алимова Э.Т., экономика илимдеринин кандидаты, доцент Байсубанова С.Т., экономика илимдеринин кандидаты, доцент Абдразакова А.М. Ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү жана бул жааттагы адистер чакырылган.

Тегерек столдун жыйынтыгында, Академия менен компаниялардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдарды түзүү, студенттер жана магистранттар үчүн ар кандай практикадан өтүү, ошондой эле практика адистери тарабынан ачык лекцияларды окуу боюнча келишимдерге жетишилди.