“ENACTUS APAP” КОМАНДАСЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ENACTUS УЛУТТУК КЕҢСЕСИ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН АЛДЫН-АЛА ТЕКШЕРҮҮГӨ КАТЫШТЫ
29.04.2020
“ENACTUS APAP” командасы Кыргызстандагы ENACTUS улуттук кеңсеси тарабынан жүргүзүлгөн алдын-ала текшерүүгө катышты.
2020-жылдын 29-апрелинде Enactus APAP тобу Кыргызстандагы Enactus Улуттук кеңсеси тарабынан жүргүзүлгөн алдын-ала текшерүүгө катышкан.
Кеңешчи Эльмира Турсунова жетектеген топ тапшырмаларды аткарышып, алдын-ала текшерүүдөн ийгиликтүү өттү.
Enactus APAP тобу төмөнкү документтерди даярдап тапшырды:
- Жылдык отчет;
· Долбоорду текшерүү формасы (Долбоорлордун аныктыгын текшерүү формасы);
· Команданын портфолиосу (командалык долбоорлор жөнүндө маалымат);
- жигердүү команда баракчасы (топтун мүчөлөрү жөнүндө маалымат).
Бул иш-чаранын алкагында командалар Enactus Kyrgyzstan 2020 Улуттук сынактарына катышууга даяр экендиктерин көрсөтүштү. Жалпысынан алдын-ала текшерүүгө Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынан 18 команда катышты.
Маалымат үчүн:
“Enactus APAP” командасы 2019-жылы Бакалавр даражасы программасынын жардамы менен түзүлгөн. Команданын идеяларын ишке ашырууга ректор Алмазбек Акматалиев активдүү колдоо көрсөтүп келет. “Enactus APAP” командасынын бизнес-идеялары социалдык багытталган жана адамдардын жашоосун жакшыртууга, атап айтканда карылар үйүндө жашаган пенсионерлерге жардам берүүгө багытталган.
Кыргызстандагы Улуттук Enactus кеңсеси - жаштар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү менен Кыргызстандын калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга аракет кылат.