КРПМБАда УСУЛДУК ВЕБИНАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
28.05.2020
2020-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы төмөнкү темаларда өткөрүлгөн усулдук вебинардын катышуучуларына сертификаттарды тапшырды:
- ZOOM платформасын колдонуу менен гуманитардык илимдерди окутуунун методикасы;
- ZOOM платформасын колдонуу менен социалдык жана экономикалык сабактарды окутуунун методикасы;
- Сынчыл ой жүгүртүү стратегиясын колдонуу менен дисциплиналарды окутуунун методикасы;
- Окуу процессинде машыктыруу ыкмасын колдонуу.
Бул методикалык вебинар КРПМБАнын эмгек жамааты жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн “Адам, Мыйзам, Эркиндик” коомдук фонду менен биргеликте 2020-жылдын 8-майында жана 15-майында уюштурулган.