КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Кадырбеков Нуржигит Кадырбековичтин ачык  лекциясы болуп  өттү

25.02.2022

2022–жылдын 25- февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Япониянын Кобе шаарынын университетинин  (Япония) «Мамлекеттик башкаруу жана эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бүтүрүүчүсү Кадырбеков Нуржигит Кадырбековичтин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун этикасы» темада ачык  лекциясы болуп  өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич куттуктоо сөз сүйлөп, лектор Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович менен тааныштырды.

Лекциянын жүрүшүндө Кадырбеков Н.К. өзүн тарбиялоо, этика жана мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндө айтып, Япония жана башка өлкөлөрдөн ар кандай мисал келтирип айтып берди.

Суроо-жооп форматында студенттер жана бул иш-чаранын коноктору лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.