КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өткөн «Кана эмесе, кыздар!» интеллектуалдык оюнунда «Назик» (КРПМБА) командасы 1-чи орунду ээледи

02.03.2022

2022-жылдын  2-март күнү  Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өткөн «Кана эмесе, кыздар!» интеллектуалдык оюнунда «Назик» (КРПМБА) командасы биринчи орунду ээлеп, жеңүүчү аталды. Бул оюнга төмөнкү ЖОЖдордон 6 команда катышты: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманова атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясы. (КРПМБА), К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (БМУ), И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети  (КМУ), Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университети. (КУУ), М.Рыскулбеков атындагы  Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) жана Кыргызстан Эл аралык университети.

Бул оюнду Алтыбаева Айнуру Тойчиевнанын жетекчилиги астында республикалык аялдар кеңешинин бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Кошумча уюштуруучулар «Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети»,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) болушкан.

Академиянын окуудан тышкаркы иштер боюнча  координатору Арапова Эльмира Байышевна жана бакалавриат программасынын жетекчиси Болпонова Асыл Бакытбековнанын  жетекчилиги астындагы  Академиянын “Назик” командасынын курамын капитан – Кожоназарова Нурсулуу, Казымова Жамиля, Абдурасулова Элнура, Максатова ​​ Айгүл жана Ормонбекова Виолетта түздү.

Интеллектуалдык оюн үч турдан турду:

Тур I. «XXI кылымдын интеллектуалдуу кыздары»

Интеллектуалдык менчик боюнча суроолор

Тур II. "Акылман кыздар"

Аялдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдык база боюнча суроолор.

Тур III. «Чыгармачыл кыздар» (3 мүн. спектакль).)

Командалардын презентациялары: "Кыргызстандын улуу аялдары"

1. «Эврика» командасы (И. Арабаев атындагы КМУ) – Алтыбасарова Т.

2. «Аруузат» командасы (КГУ) – Бейшеналиева Б.

3. QuesTeam (КЭУ) - Кайназарова З.

4. «Муза Афина» командасы (БГУ) – Кийизбаева С.

5. "Назик" командасы (АГУПКР) - Козубекова М.

6. «Сымбат» командасы (УНПК МУК) – Күмүшалиева С.

КРПМБАнын «Назик» командасы Академиянын сыймыгы, бүтүрүүчүсу  Кайыргүл Урумкановага команданы даярдоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет. КРПМБАнын Студенттик союзунун төрагасынын орун басары Равшан Садиров жалпы жамаатты келе жаткан 8-март майрамы менен музыкалык куттуктоолор менен куттуктады.