КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда КР Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында тренингдердин 2-чи сериясы аяктады

08.04.2022

2022- жылдын  8 - апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча, министрдин орун басарлары жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары үчүн уюштурулган катар тренингдердин экинчи сериясы аяктады.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач сөз сүйлөп, бул тренингдин максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди.

Лекторлор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулук институтунун директору Жаркынбаев Аязбек Дөөлөтбекович, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мусаев Сыртбай Жолдошович, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Досалиев Баялы Атамырзаевич жана экономика илимдеринин доктору, доц. Саякбаев Тилек Женишбекович жана ага окутуучу Окенаева Майрам Жокеновна болушту.

Тренингдер төмөнкү актуалдуу темалар боюнча пландаштырылган:

- "Мыйзам долбоорун даярдоо, сунуштоо жана коргоо";

- "Эффективдүү эл алдында сүйлөө жана презентациялоо көндүмдөрү";

- "Ишкердик мамлекеттик тил";

- "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу";

- "Мамлекеттик кызматкердин этикасы".