КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБА да КР Президентинин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында тегерек стол болуп өттү

12.04.2022

2022 – жылдын 11 – апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик башкаруу жана укук” кафедрасы  тарабынан уюштурулган, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында  жана  Академиянын 30 жылдыгына  арналган “Жусуп Абдрахманов – Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери” темасында тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага  академиянын профессордук-окутуучулук курамы, ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле студенттер катышышты.

Алгач  академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович, тегерек столдун модераторлору: ф. И. К., доцент, Арапова Эльмира Байышевна жана ф.и.д, проф.  Алымкулов Марат Сапарбекович кириш сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамаларды: т.и.к., доц., Алымбеков К.А., п.и.к., КМУнун доценти. И.Арабаева Рыскулбек уулу Б, И.Арабаев  атындагы КМУнун ага окутуучусу Исаева М.Т., Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун цикл башчысы Токторалы уулу А., ошондой эле аталган окуу жайдын курсанттары.

Рыскулбек уулу Б. өз сөзүндө окурмандардын кеңири чөйрөсүнө белгисиз өткөн тарыхий окуяларга кеңири токтолгон «Улуттун уулу уулу» монографиясын тартуулады.

Бул тегерек стол мамлекетибиздин жаралуу тарыхы, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Ж.Абдрахмановдун инсандыгы тууралуу көптөгөн баалуу жана кызыктуу фактыларды ачып берүү менен максатына жетти.