КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБА Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигини менен биргеликте семинар-тренинг өткөрүлдү

13.04.2022

2022-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасында 2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу  Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигини менен биргеликте окутуучулар жана ошондой эле өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн  уюштурулган семинар-тренинг өткөрүлдү.

Семинар-тренингдин максаты «Коррупциянын алдын алуунун теориясы жана практикасы» окуу китебин презентациялоо, ошондой эле «Коррупцияга каршы саясат» дисциплинасын окутуунун методологиясын талкуулоо болду.

Иш-чаранын соңунда ЖОЖдордун китепканаларына кыргыз жана орус тилдеринде «Коррупциянын алдын алуунун теориясы жана практикасы» окуу китеби берилди.

Семинар-тренинг, ошондой эле «Коррупциянын алдын алуунун теориясы жана практикасы» окуу китебин басып чыгаруу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.