КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын алдындагы ИКЭК ишинин алкагында кезектеги тегерек стол болуп өттү

18.04.2022

2022-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын алдындагы Илимий-консультативдик Экономикалык Кеңештин ишинин алкагында «Муктаж болгон өзгөчө тармактар жана ишканалар өзгөчө көңүл буруу, алдыга жылдыруу жана каржылоо»  темасында кезектеги тегерек стол болуп өттү.

Кризис мезгили экономиканы башкарууга стандарттуу эмес мамилени талап кылат. Кризис ресурстарды үнөмдөө жана биринчи кезекте аларды азык-түлүк коопсуздугу жана башка артыкчылыктар менен байланышкан атайын тандалып алынган тармактарга жана ишканаларга багыттоо зарылдыгын билдирет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга өзгөчө өндүрүш, ишканаларды тандап, аларга өзгөчө көңүл буруп, атайын каржылоонун жол-жобосун караштырып, аларды өзгөчө алдыга жылдыруу керекпи?

Тегерек столго төмөндөгүлөр катышты:

Э.и.д, профессор, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары,ИКЭКтин  төрагасы Кожошев Арзыбек Орозбекович, КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич

Асизбаев Рустам Эмилжанович, экономика илимдеринин доктору, профессор, ИКЭКтин мүчөсү

Савин Виктор Евгеньевич экономика илимдеринин доктору, профессор, ИКЭКтин мүчөсү

Мамытов Улукман Эксперт, ИКЭКтин мүчөсү

Өмүралиев Талант боюнча эксперт, ИКЭКтин мүчөсү

Акматалиев Темирбек Асанбекович, э.и.к., ИКЭКтин мүчөсү

Жапаров Гурас Дурболонович Экономика илимдеринин доктору, профессор, ИКЭКтин мүчөсү

Абдиева Адиля Ильясбековна э.и.д., профессор, ИКЭКтин мүчөсү

Убайдуллаев Мирлан Экономика илимдеринин доктору, профессор, ИКЭКтин мүчөсү

Итибаев Кайрат эксперт, ИКЭКтин мүчөсү

Саякбаев Тилек Экономика илимдеринин доктору, профессор, ИКЭКтин мүчөсү

Атантаев Истанбек Акматбекович Экономика илимдеринин доктору, профессор, ИКЭКтин мүчөсү

Абдилайып уулу Өмүрбек п.и.д., ОшМУ