КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАнын 2-курсунун студенти 2-даражадагы диплому менен сыйланды

25.04.2022

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери, окутуучу Д.А. Курманованын жетекчилиги алдында  Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде  болуп өткөн  “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери” темасында жылдык студенттик конференцияга катышышты. Бул конференцияда «Юриспруденция» кафедрасынын 2-курсунун студенти Касымова Айке «Жарандык укук жана процесс» секциясында «Жаш ишкерлердин укуктук кепилдиктери» темасында 2-даражадагы диплому  менен сыйланды.