КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда академиялык антикоррупциялык сертификацияланган программаны ишке ашырууга арналган конференция өттү

19.05.2022

2022-жылдын 18- май күнү  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясында академиялык антикоррупциялык сертификацияланган программаны ишке ашырууга арналган “Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы аракеттенүүнүн чакырыктары жана келечеги” темасында конференция өттү.

Иш-чарага коррупция менен күрөшүү тармагындагы эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, экс-депутаттар жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышышты.

Коррупцияга каршы академиялык сертификатталган программанын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн изилдөөлөрүн көрсөтүштү. Аудитория тарабынан сунушталган долбоорлор “Мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу”, “Коррупцияга каршы билим берүү коррупциянын алдын алуунун механизми катары”, “Коомдо коррупцияга каршы демилгелерди илгерилетүү механизмдери” деген үч багыт боюнча панелдик талкууларда талкууланды.

Иш-чаранын аягында академиялык коррупцияга каршы сертификатталган программанын студенттерине ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Коррупцияга каршы академиялык сертификацияланган программа “Сорос-Кыргызстан” Фондунун каржылык колдоосунда Борбордук Азиянын Коррупцияны жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институту менен биргеликте ишке ашырылган.