КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБА жана Ханнс Зайдель Фонду тарабынан уюштурулган маалымат иш чарасы болуп өттү

20.05.2022

2022- жылдын 19- май күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель Фонду тарабынан уюштурулган «Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик башкаруу системаларынын ортосунда кандай айырма бар» темасында маалымат иш чарасы болуп өттү.

Алгач Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Торге Маттизен мырза жана Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор Макс Георг Майер сөз сүйлөшүп иш чаранын максаты жөнүндө кыскача түшүндүрмө беришти.

Иш чаранын жүрүшүндө Ханнс Зайдель Фондунун жетекчисинин орун басары Сыдыков Каныбек  мырза «Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик башкаруу системаларынын айырмасы эмнеде», Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын Администрациялоонун жогорку мектебинин директору Аманалиев Урмат Олжобекович «Кыргыз Республикасы жана Германия Федеративдүү Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумуна талдоо (Анализ)» темаларында презентацияларды жасашты.

Суроо-жооп форматында  академиянын магистранттары,  бүтүрүүчүлөрү  жана  иш чаранын коноктору өздөрүнүн суроолорун берип, жооп алышты.

Бул иш чара кыргыз –немис  дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган жумалыктын алкагында өткөрүлдү.