КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАнын магистранттары үчүн конок лекциясы өткөрүлдү

31.05.2022

“Т.Сыдыкбековдун мурасы жана азыркы заман” маданий-агартуу форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында  2022-жылдын 26-майында «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын магистранттары үчүн  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тил  жана тил саясаты, улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева жана Ибраимов Алихан  Т.  Сыдыкбековдун чыгармачылыгын изилдөөчүлөрүнүн «Түгөлбай Сыдыкбековдун руханий мурасы жана азыркы заман» темасында конок лекциясы өткөрүлдү.

Магистранттар тарабынан суроолор берилип, залкар жазуучу Т.Сыдыкбековдун элесин түбөлүккө калтыруу боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгына буруу, Т.Сыдыкбековдун руханий мурасынын азыркы коомго тийгизген таасирин түшүнүү.

Соңунда келген конокторго академиянын окуудан тышкаркы иштер боюнча координатору Арапова Эльмира Байышевна тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.