КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Диний окуу жайлардын мүдүрлөрүн окутуу семинары

30.09.2022

2022-жылдын 27-28- сентябрь күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү жана мыйзамдары боюнча диний окуу жайлардын мүдүрлөрүн окутуу семинары болуп өттү.

Семинардын  жүрүшүндө академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдыкадыров Тойгонбай Жоробаевич, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев алгач сөз сүйлөшүп, жалпы семинардын  катышуучуларына ийгилий каалашты.

Семинардын жүрүшүндө лекторлор төмөндөгү темаларда лекцияларды өтүштү:

- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү, КР мамлекеттик башкаруу формасы»,  « Кыргыз Республикасынын Конституциясы», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикалары» темаларында Академиянын ректору Акматалиев А.А. жана академиянын проректору Аманалиев У.О.;

  • «Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар жана экстремизимди алдын алуу» -  КР ИИМ өкүлү Аманбаев Манас;
  • «Матурдий  акыйдасы» -  аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары  Курманкожоев Кенжетай;
  • «Ханафий мазхабы» -  КМДК окуу бөлүмүнүн башчысы  Эратов Равшан;
  • “2021-2026- жылдарга  Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы» -  КР ДИМКнын бөлүм башчысы Абакиров Кубанычбек Жанбекович;
  • «Мамлекеттик коопсуздук маселелери, террорчулук уюмдар» - КР УКМК өкүлү.

Семинардын  жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.