КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Студенттер мамлекеттик инновациялык борбордо болушту

07.10.2022

2022-жылдын 6-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясынын ГМУ-1-21 тайпасынын 2-курсунун студенттери, “Экономика жана менеджмент “ кафедрасынын окутуучусу, э.и.к. А.А. Эралиеванын коштоосунда Мамлекеттик инновациялык борбордо болушту, анда Борбордун кызматкерлери студенттерге негизги багыттардын иштери менен тааныштырды: Fab Lab, Youth Lab, Co working, китепкана, конференц-зал. 3D принтерде продуктуларды түзүү үчүн ар кандай графикалык редакторлордун иши, лазердик колдун даяр макетин иштеп чыгуу жана башка иштер боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Студенттер стартап идеяларын түзүүнүн үстүндө да иштешти.