КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолугушуу

09.12.2022

2022-жылдын 24-ноябрында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 10-октябрдан 14-октябрга чейин Сочи шаарындагы Сириус билим берүү борборунда өткөн Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү Академиянын 4-курсунун студенттери Гүлгүнзат Сардарбекова жана Нурсулуу Кожоназарова менен 1-2-курстун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү.

Конкурстук тандоонун бардык этаптарынан өтүп, республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон Гүлгүнзат жана Нурсулуу 12 өлкөнүн окуучулары менен эл аралык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Олимпиаданын жыйынтыгы менен Кожоназарова Нурсулуу «Юриспруденция/эл аралык мамилелер» багыты боюнча II даражадагы диплом жана эң мыкты топ 10го кирди ошону менен бирге Россия Федерациясынын ЖОЖдоруна жана Росфинмониторингде жана башка уюмдарда окуууга мүмкүнчүлүк алды. Катышуучулар студенттер менен олимпиададан алган таасирлери менен бөлүшүп, жол-жоболору, даярдыктын этаптары, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн кантип көптөгөн досторду тапкандыктары тууралуу айтып беришти.

Бул олимпиадага катышуу алардын профессионалдык карьерасында трамплин болуп калат деп ишенебиз жана Гүлгүнзат менен Нурсулууга чоң ийгиликтерди каалайбыз.