КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу системасындагы интерактивдүү окутуу технологиялары боюнча мастер-класс ?

13.12.2022

2022-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Юриспруденция жана философия»  кафедрасы  Борбордук Азиянын Эл аралык университетинин жана МБАнын алдындагы Мамлекеттик бажы комитетинин юридикалык клиникасынын спикерлери менен биргеликте  уюштурулган профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу системасындагы интерактивдүү окутуу технологиялары боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Бул мастер-класстын максаты заманбап билим берүү шарттарында педагогикалык жамааттын кесиптик деңгээлин жогорулатуу болгон. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар практика жүзүндө окуунун жаңы интерактивдүү ыкмаларын жана программаларын үйрөнүштү. Соңунда катышуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттар тапшырылды. Бардык катышуучулар иш-чаранын жыйынтыгына канааттанышты жана жаңы практикалык окуу көндүмдөрүн алышты.