КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Жусуп Абдрахмановдун 121 жылдыгына карата жаштар арасында интеллектуалдык оюн уюштурушту

21.12.2022

2022- жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Ысык-Көл жаштар клубу коомдук бирикмеси менен биргеликте Жусуп Абдрахмановдун 121 жылдыгына карата жаштар арасында интеллектуалдык оюн уюштурушту.

Академиянын тарбиялык иштер боюнча координатору  Арапова Элмира Байышовна жана Ысык-Көл жаштар клубу коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Темиркулов Акылмырза алгач сөз сүйлөшүп катышуучуларга ийгилик каалап, адилеттүү, чынчыл оюн көрсөтүүгө чакыруу менен бирге оюндун шарттары менен тааныштырышты.

Интеллектуалдык оюнга жалпы 14 команда катышып жеңүүчүлөр акчалай жана кызыктуу белектерге ээ болушту.