КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Кыргыз жараны концепциясынын алкагында экинчи республикалык жаштар симпозиуму болуп өттү

26.12.2022

2022-жылдын  23-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте уюштурулган Кыргыз жараны  концепциясынын алкагында экинчи республикалык жаштар симпозиуму болуп өттү.

Алгач Академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Бешимов Аскар Жолчубекович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана  Кыргыз Республикасынын “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Закирулло Махамат уулу сөз сүйлөшүп Жаштар симпозиумунун маани жана маңызына, Кыргыз  жараны концепциясынын артыкчылыктуу багаттырына токтолуу менен бирге, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн өз ара ишеним атмосферасын түзүүгө, маданий айырмачылыктардын көп түрдүүлүгүнө позитивдүү мамиле кылууга, көп этностуу жана конфессиялык шарттарда жалпы баалуулуктар аркылуу өнүгүүгө салым кошууга,  Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыра турган активдүү жаштарды тартууга түзүлгөн аянтчанын максатын белгилеп,  жаштарга Кыргыз жараны идеясын жайылтуу багытында бирге иштшүүгө чакырышты.

 Иш чарага катышкан  120 катышуучу студенттер, магистранттар жана аспиранттар ар кандай темада баяндамаларын жасашып, соңунда мыкты эмгектердин авторлору диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышып ошондой эле катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.