КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

СЫЙМЫК!!!

24.01.2023

2023-жылдын 23-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында илимдин кандидатынын дипломун жана  илимдин доценти аттестатын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш чарада Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, профсоюздук комитетинин төрайымы Исланова Рахат Усенбековна жана Академиянын бөлүм башчылары Урусова Гүлайым Бейшеновнаны  «Тил илими (кыргыз тили)» адистиги боюнча Доцент окумуштуулук наамын алышы менен, Окенаева Майрамкуль Жокеновнаны «Социология илимдеринин» Кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болушу менен  жана  Академиянын кызматкери Ташкулов Мирлан Нуркуловичти юбилейлик маарекеси менен куттукташып иштерине албан ийгиликтерди каалашты.