КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

3-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барышты

06.02.2023

2023-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын 3-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барышты. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер биринчи кезекте өлкөбүздүн бардык маанилүү нормативдик актылары кабыл алынган жыйындар залын карап чыгышып, пленардык жыйынга катышты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж. Сурабалдиева менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Парламенттин тарыхы жана түзүмү, ишмердүүлүгү жана мамлекеттик бийлик системасындагы мыйзам чыгаруу органынын ролу тууралуу айтып берип, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди. Студенттер жолугушууга катышуу абдан кызыктуу болгонун белгилешти, анткени алар парламенттин кандай иштеп жатканын, кандай маселелер талкууланып жатканын жана учурда өлкөдө кандай маселелер маанилүү экенин жеке көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бардык катышуучулар мындай экскурсиялар жаштарда активдүү жарандыкты, аң-сезимди калыптандырып, аларды изденүүчү адис болуу үчүн окууга түрткү берерин белгилешти.