КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Кыргыз Республикасынын Парламентинин конституциялык-укуктук макамы» темасында конок лекциясы өткөрүлдү

15.02.2023

2023-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Юриспруденция» багытынын 1 жана 2-курстарынын студенттери үчүн, «Кыргыз Республикасынын Парламентинин конституциялык-укуктук макамы» темасында  «Юриспруденция жана философия» кафедрасы тарабынан уюштурулган конок лекциясы өткөрүлдү.

Лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Дастан Далабаевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, комитеттердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн иши жөнүндө айтып берди.