КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” темадасындагы коноктук лекция

16.02.2023

Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан 2023-жылдын
14-февралында магистранттар үчүн “Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” темадасындагы коноктук лекция уюштурулду. Лектор болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө социалдык адилеттүүлүктү илгерилетүүдө, жакырчылыкты жана теңсиздикти кыскартууда, бардык жарандар үчүн негизги кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда социалдык саясатты ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири катары социалдык коргоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жылдыз Полотова социалдык саясат өкмөттүн адилеттүү жана гүлдөгөн коомду куруу боюнча аракеттеринин фундаменталдуу таянычы экенин белгиледи.

Министрдин орун басары Кыргыз Республикасын социалдык жактан коргоонун негизги демилгелерин, анын ичинде социалдык контракттарды түзүү жолу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо программаларын кеңейтүүнү белгиледи. Өкмөттүн аялдар, жаштар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жагымдуу жана жеткиликтүү чөйрөнү түзүү ишине болгон умтулуусун баса белгиледи.

“Бул демилгелер жакырчылык жана теңсиздик маселелерине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн маанилүү мааниге ээ. Бүгүнкү күндө социалдык коргоонун бекем жана инклюзивдүү негиздери, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү маселелери абдан маанилүү” - деди ал өз сөзүндө, лекция угуучуларын социалдык саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда активдүү роль ойноого чакырды.