КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУДАГЫ ДОЛБООРЛУК МЕНЕДЖМЕНТ» темасында тренинг

13.03.2023

2023-жылдын 20-февралынан 22-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы «МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУДАГЫ ДОЛБООРЛУК МЕНЕДЖМЕН» темасында Кыргыз Республикасынын аймактык мамлекеттик жогорку окуу жайларынын консорциумунун алкагында профессорлук- окутуучулук курам үчүн тренинг өткөрдү.

Тренерлер Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Санариптик билим берүү технологиялары борборунун директору, Академиянын профессору Мурзаев Салих Кадырбекович жана «Жашыл экономика, климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүгүү» илимий изилдөө кафедрасынын жетекчиси, Академиянын профессору Мамытова Айна Өскөнбаевна болушту.

Бул тренингдин максаты: Консорциумдун алкагындагы аймактык мамлекеттик университеттердин жана Академиянын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, шаар мэрлерине жана айыл өкмөт башчыларына окуу семинарын өткөрүү.