Мамлекеттик кызматкерлер үчүн окуу семинарын өттү
13.04.2023
2023-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлер үчүн окуу семинарын өткөрдү.
Тренингдин негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын, шаарлардын вице-мэрлеринин жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын ошондой эле аталган башкармалыктардын инвестициялык өнүктүрүү фонддорунан бизнес-долбоорлорду каржылоону алуу блокторуна жооптуу кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.
Семинардын тренерлери академиянын профессордук-окутуучулук курамы жана АРИСтин тренерлер курамы болушту.
Ошондой эле лекторлор Россия-Кыргыз жана Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонддорунун кредиттик жана инвестициялык ишмердүүлүгүнүн топ-менеджерлери жана эксперттери чакырылды.
Лекторлор менен АРИСтин адистеринин сөзүндө жашыл экономикадан баштап гендердик теңсиздиктин аспектилерине чейинки маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле төмөндөгү темалар камтылды:
- Кыргызстанда 17 Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ);
- Гендердик теңчиликти камсыздоо жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү (ТӨМ -5);
- бизнести пландаштыруу, инвестициялык талдоо жана инновацияга инвестициялоо.
- АРИС жөнүндө жалпы маалымат;
- социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялар: суу менен камсыздоо, социалдык объектилер, энергияны үнөмдөө;
- АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында бизнести баалоо;
- КР АРИС тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырылып жаткан CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору жөнүндө маалымат.