КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Эгемен Кыргызстандын конституциялык өнүгүүсү» темасынын алкагындагы форум

17.04.2023

2023-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу Академиясында Кыргыз Республикасынын Конституциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата «Эгемен Кыргызстандын конституциялык өнүгүүсү » темасынын алкагында форум болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин легендарлуу парламенттин төрагасы Шеримкулов Медеткан Шеримкуловичти, профессор Борубашев Бекбосун Ишембековичти, экс-спикер, профессор Курманов Зайнидин Карпековичти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевичти тааныштырып сөз узатты.

Иш чаранын жүрүшүндө лекторлор Эгемен Кыргызстандын конституциляык өнүгүү жолу жана тарыхы жөнүндө кенен токтолушуп, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип кызыктуу маек курушту.