КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Мамлекеттик жана муниципалдык финансы» окуу китебинин бет ачары

18.04.2023

2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясында, Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен жарык көргөн, экономика илимдеринин доктору, академиянын профессору - Токтобекова М.А., экономика илимдеринин доктору - Жапаров Т.Т. доценттин м.а., профессор - Таширов А.Т. авторлордун «Мамлекеттик жана муниципалдык финансы» окуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ректор, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси, доктор Макс Георг Майерге мамлекеттик кызматкерлердин билим берүү тармагын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана салымы үчүн ыраазычылык билдирди.