КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

ЖОЖдор аралык дебат

02.05.2023

2023-жылдын 2-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган  “Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү” темасында ЖОЖдор аралык дебат өткөрүлдү.

Алгач Академиянын проректору У.О.Аманалиев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы М.Р.Бобукеева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исатбек кызы Аида, Кыргыз Республикасынын Чүй облустук сотунун судьясы Ж.Н. Мурзалиева жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу институтунун орун басары Р.А. Джайлобаева сөз сүйлөштү.

Иш-чарага: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Кыргыз-Орус Славян университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин жана Э.А. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги академиясынын студенттери катышышты.

Дебаттын алкагында катышуучулар мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча өздөрүнүн программаларын сунуштап, орун алган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун иштеп чыгышы керек болчу.

Жыйынтыгында 1-орунду - Кыргыз-Орус Славян университетинин командасы;

Экинчи орун – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын командасы;

Үчүнчү орунду - Э.А. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин академиясы ээлешти.

Ошондой эле жеңүүчүлөргө эстелик белектер жана бул иш-чарага катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Катышуучулар бул формат критикалык ой жүгүртүүгө жана кырдаалды туура баалоого өбөлгө түзөрүн, ошондой эле студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнүн эффективдүү куралы катары кызмат кылаарын белгилешти.