КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«РЕГИОНДОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ДОЛБООРДУК МАМИЛЕ» темасында окутуу семинары

02.05.2023

2023-жылдын 28-29-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктиги менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер – жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлери үчүн уюштурулган «РЕГИОНДОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ДОЛБООРДУК МАМИЛЕ» темасында окутуу семинары болуп өттү.

Семинардын  биринчи күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсало Эдиль Жолдубаевичтин катышуусунда өтүп, «Долбоорду башкаруунун негиздери»,

  • «Жетекчинин башкаруу процесстеринде долбоордук ой жүгүртүүсү»,
  • «Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлору»,
  • «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлору»,
  • «Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлору»,
  • «Коопсуз шаар» улуттук долбоору
  • «Жерге жайгаштыруу жаатындагы долбоорлор» жана башка темаларында презентациялар көргөзүлүп, суроо жооп форматында талкуулар жүргүзүлдү.

29- апрель семинардын экинчи күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбековичтин катышуусунда өттү. Акылбек Усенбекович өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгү, Президенттин кадр саясатынын өзгөчөлүктөрү, район-шаар-облустардын жетекчилеринин укуктары жана жоопкерчилиги жөнүндө кенен маалыматтарды жана милдеттерди айтып берди.