КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

ЖОЖдор аралык маркетинг боюнча олимпиада болуп өттү

04.05.2023

2023-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында ЖОЖдор аралык маркетинг боюнча олимпиада болуп өттү.

Олимпиада Академиянын Жогорку башкаруу мектебинин «Экономика жана менеджмент» кафедрасы тарабынан уюштурулган.

Олимпиаданын максаты: Студенттердин чыгармачылык демилгесин өнүктүрүү, болочок адистерди даярдоодо жана карьерасын өнүктүрүүдө ЖОЖдордун ролун күчөтүү.

Олимпиаданын катышуучулары экономикалык адистиктердин 2-4 курстарынын студенттери болушту. Жарнамалоо объекти катары командаларга «Алтын Арашан» рестораны сунушталды.

Иш чаранын жүрүшүндө Академиянын окуу иштери боюнча биринчи проректору  экономика илимдеринин доктору, профессор Абдиева Адиля Ильясбековна алгач сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.

ЖОЖдор аралык маркетинг боюнча олимпиадага 9 команда катталып,: Котлер балдары (КЭУ), Marketing Security  (КМТУ), The FIM (КУУ), Талас Микс (Талас университети) жана АГУПКР Biyiktik, Inspire, Flagman, Apap mix командалары катышышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссиянын курамы:

Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович - "Эмгекчил", "Строй-Арсенал" ишканаларынын башкы директору, Жумабаева Аида Стахановна - "Интур" ишканаларынын башкы директору, Шеримбекова Зарема Шеримбековна - "Алтын-Арашан" ресторанынын директору төмөнкү номинациялар менен сыйлашты:

Гран-При – “Интур” компаниясынан Ысык-Көлгө “Интур” пансионатына жолдомо AGUPKR “Inspire” командасы: Момункулова Гүлсүн, Календерова Сезим, Абдымомунова, Карабекова Зуура, Абдыкахарова Нураим сыйланышты.

1-орунду КУУнун The FIM командасы ээледи: Суйоркулова Асель Суйоркулова, Искакова Айгерим Улукбековна, Сыйдалиева Даяна Эрнстовна, Айткурманова Эльнура Сыргаковна, Тулюбеков Бекзат Абаевич. Студенттер байге катары «Алтын Арашан» ресторанына сертификат менен сыйланышты.

2-орунга КМТУнун Marketing Security  командасы ээ болду: Нуркыз Аскарбекова, Перизат Адиева, Элиза Мадмарова, Юлия Баишева, Татьяна Склярова. 5 000 сом өлчөмүндөгү байге «Строй-Арсенал» ишканасы тарабынан берилди.

3-орунду КЭУнун Котлер балдары командасы: Биржан Дианага, Маратбек Эрболго, Исматова А.А., Абибиллаев Н.Т., Касымбекова А.А. Строй-Арсенал компаниясынан сыйлык 4000 сом. «Алтын Арашан» ресторанынан 5000 сом өлчөмүндө сыйлык «Райондун мыкты командасы» номинациясы боюнча «Талас Микс» командасына (Талас университети) ыйгарылды.Калган командаларга катышуу грамоталары жана кызыктыруучу сыйлыктар, «Строй-Арсенал» ишканасынан 1000 сом өлчөмүндөгү утуштар тапшырылды.

Олимпиаданын демөөрчүлөрү: «Алтын Арашан» рестораны, «Строй-Арсенал» фирмасы, «Интур» фирмасы. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!