«Конституциялык түзүлүш жана башкаруу формасы» темасында квалификация жогорулатуу курсу
22.05.2023
2023-жылдын 19-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Республикалык илимий-методикалык борбор менен биргеликте «Конституциялык түзүлүш жана башкаруу формасы» темасында кесиптик орто билимберүү окуу жайларынын директорлорунун квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө лектор, Академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун башталгыч кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн жетекчиси Курманалиева Койсун Аблабековна алгач сөз сүйлөшүп, билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алууда, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда квалификацияны жогорулатуу курстарынын маанилүүлүгүн белгилешти.