КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ: «ИШТИКТҮҮ КЫРГЫЗ ТИЛИ. КЫРГЫЗТЕСТКЕ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ

24.05.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын» ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн «Иштиктүү кыргыз тили. Кыргызтестке даярдык көрүү» аттуу окуу курсун бекитилген План-графикке ылайык май айынан баштап өткөрүүдө.

2023-жылдын 12-майында Академияда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тил курстарын ишке ашыруучу тренерлер үчүн «ТоТ» болуп өттү.

15-майдан 19-майга чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жогорудагы курс өткөрүлүп, ал эми азыркы учурда курстар төмөнкү министрликтерде өткөрүлүүдө:

  • 22-майдан 26-майга чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде;
  • 22-майдан 26-майга чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигиде.

Аталган курстар үстүбүздөгү жылдын декабрь айына чейин бекитилген План-график боюнча борбор калаада жайгашкан мамлекеттик органдарга өткөрүлмөкчү.