КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КУТТУКТАЙБЫЗ!!!

12.06.2023

2023-жылдын 8- июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү Абдынасыров Уран Тойбаевичти көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын илим жана билим чөйрөсүндө, жогорку кесипкөйлүгү жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышын жана Мурзаев Салих Кадырбековичти Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн жана экономика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга активдүү катышкандыгы учун «Кызматташтык» медалы менен сыйланышын жана ошондой эле туулган күн ээлери Болпонова Асыл Бакытбековнаны жана Шамкеев Бактыбек Абылкасымовичти куттукташты.