КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

"Саламаттыкты сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасы боюнча окутуу башталды.

22.06.2023

2023-жылдын 12-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясында  КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу, саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору менен КР Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ассоциациясынын ортосунда программаны биргелешип ишке ашыруу боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде "Саламаттыкты сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасы боюнча окутуу башталды.⠀⠀⠀⠀⠀

Окуу программасы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2022-жылдын 25-апрелинде № 508 буйругу менен бекитилген "саламаттыкты сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча компетенциялар каталогуна ылайык иштелип чыккан, 540 саатка эсептелген жана 15 дисциплинаны камтыйт. Программанын профессордук-окутуучулук курамы менеджмент жана практикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы 30 адистен турат.