Blog
Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБА жана ФХЗнын биргелишкен магистердик программалардын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү
04.04.2022
2022 - жылдын 1 – апрел күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын "Менеджмент" багытынын МЕНмд-1-19 тайпасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.
Академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович , Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине...
Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАсы жана Академиянын Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы менен биргеликте конок лекциясын уюштурушту
01.04.2022
2022-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Академиянын Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы менен биргеликте Санжар Болотов жетектеген МЖӨ борборунун конок лекциясын уюштурушту. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, магистранттар жана студенттер катышты.
Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБА жана Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган тренинг болуп өттү
31.03.2022
2022-жылдын 22-31-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы жана Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана «Кыргыз тест» категориялары боюнча сынак тапшырууга даярдык» - аттуу 36 сааттык тренинг болуп өттү.
Тренинг академиянын кызматкерлери жана профессордук-окутуучу курамы үчүн уюштурулуп, жыйынтыктоочу бөлүгүндө...
Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАда жетекчилеринин орун басарлары үчүн уюштурулган катар тренингдердин биринчи сериясы аяктады
31.03.2022
2022- жылдын 31 – март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча, министрдин орун басарлары жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары үчүн уюштурулган...
Финляндиядан келген эксперттер Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАда таанышуу иш сапары болуп өттү
28.03.2022
2022 – жылдын 23 –март күнү Финляндиядан келген эксперттер Юхани Корхонен менен Хайди Лемпинен «Кыргызстанды санариптештирүү программасын колдоо» эки тараптуу кызматташуу долбоорунун туруктуу кеңешчиси Тынис Мяени менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына таанышуу иш сапары болуп өттү.