Blog
Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАнын 30 жылдыгына арналган айымдар арасында волейбол оюну боюнча турнир болуп өттү
14.03.2022
2022-жылдын 11-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 30 жылдыгына арналган айымдар арасында волейбол оюну боюнча турнир болуп өттү.
Турнирге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына караштуу А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун жана академиянын кызматкерлеринен жана студенттеринен түзүлгөн командалар катышышты....
Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАсы, Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте онлайн конференция/лекциясын өткөрдү
10.03.2022
2022-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте Түндүк Македониядан Тетова университетинин доктору Яахи Яахиянын “Классикалык менеджмент жана мамлекеттик башкаруу илим катары, мамлекеттик башкаруунун модели Түндүк Македониянын мисалында” темасында онлайн конференция/лекциясын өткөрдү.
Модератор Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич...
Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Алишеров Нурдин Куванычбековичтин конок лекциясы болуп өттү
07.03.2022
2022-жылдын 4–мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Япониянын (Нигата, Япония), Эл аралык университетинин Эл аралык өнүктүрүү боюнча магистратура программасынын бүтүрүүчүсү, Алишеров Нурдин Куванычбековичтин «Жапония жана Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу: Салыштырмалуу анализ» темасында конок лекциясы болуп өттү.
Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич куттуктоо сөз сүйлөп,...
Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өткөн «Кана эмесе, кыздар!» интеллектуалдык оюнунда «Назик» (КРПМБА) командасы 1-чи орунду ээледи
02.03.2022
2022-жылдын 2-март күнү Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өткөн «Кана эмесе, кыздар!» интеллектуалдык оюнунда «Назик» (КРПМБА) командасы биринчи орунду ээлеп, жеңүүчү аталды. Бул оюнга төмөнкү ЖОЖдордон 6 команда катышты: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманова атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы. (КРПМБА), К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (БМУ), И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз...
Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары ачык лекциясы болуп өттү
02.03.2022
2022-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары, э.и.к. Джуматаева Гулнур Муратовнанын «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо» темасында ачык лекциясы болуп өттү.
Лекцияны «Экономика» багыты боюнча билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында академиянын магистранттары жана студенттери үчүн э.и.д., профессор...