Blog
ОМУнин ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫНЫН ОРУН БАСАРЫ Э.И.МАКСИМЕНКОНУН КРПМБАга ИШ САПАРЫ
25.12.2019
2019-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына Оренбург мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин деканынын орун басары, ф.и.к., Сот жана прокуратура тергөө ишин уюштуруу кафедрасынын доценти Елена Ивановна Максименко келип кетти.
КРПМБАда "ЮРИСПРУДЕНЦИЯ ЖАНА УКУК" ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ КАФЕДРАСЫНЫН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
20.12.2019
2019-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында "Юриспруденция жана укук" илимий-изилдөө кафедрасынын презентациясы болуп өттү.
Презентацияга академиянын окутуучулар жамааты, студенттери, магистранттары жана аспиранттары катышты.
КРПМБАнун ректору А. Акматалиев ГУ-1-19, МСУ-1-19, МСУ-2-19 группаларынын магистранттары менен жолугушуу өткөрдү
18.12.2019
18.12.2019–ж . Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Мамлекеттик башкаруу (ГУ-1-19) группасынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ( МСУ-1-19,МСУ-2-19) группаларын магистранттары менен жолугушуу өткөрдү.
А.Акматалиев магистранттар менен жакындан таанышып, академияда түзүлгөн илимий изилдөө кафедралары тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө магистранттар тарабынан берилген суроолорго А. Акматалиев жооп...
УЛУКБЕК ТОЙЧУБАЕВИЧТИН АЧЫК ЛЕКЦИЯСЫ КРПМБАДА БОЛУП ӨТТҮ
17.12.2019
2019-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан алып чыгуу жолдору" темасындагы ачык лекциясы болуп өттү.
Лекция учурунда министрликтин пилоттук программалары көрсөтүлүп, мугалимдер жана магистранттар тарабынан берилген суроолорго Кочкоров У.Т. жооп берип, кызыктуу...
"Кыргыз Республикасында парламентаризмдин калыптанышы" китебинин бет ачары
12.12.2019
2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында тегерек стол форматында "Кыргыз Республикасында парламентаризмдин калыптанышы" китебинин бет ачары болуп өттү.
Китептин бет ачар аземине академиянын ректору Акматалиев А.А., академиянын проректору Базарбаев К.Б., китептин авторлору Урманбетова Ж.К., Абдрасулов С.М., Төрөгелдиева Б.М., ошондой эле Академиянын магистранттары жана аспиранттары.