КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Blog

БАКАЛАВР ПРОГРАММАСЫ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУН 1 ЖАНА 2 ТУРЛАРЫ АЯКТАЛДЫ

БАКАЛАВР ПРОГРАММАСЫ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУН 1 ЖАНА 2 ТУРЛАРЫ АЯКТАЛДЫ

17.07.2019

Урматтуу абитуриент, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын билим берүү программаларын тандаган үчүн ыраазычылык билдиребиз! КРПМБАнын кабыл алуу комиссиясы документтерди кабыл алуунун 1 жана 2 туру ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу кабарлайбыз.  
Ыссык-Көлдө КРПМБА жана БФЭТтин жамааты тимбилдинге катышышты

Ыссык-Көлдө КРПМБА жана БФЭТтин жамааты тимбилдинге катышышты

21.06.2019

Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда жайкы сезондун ачылышына карата КРПМБАнын жана БФЭТтин жамааты өзүбүзгө тиешелүү болгон Ак-Толкун пансионатына жылда өтүлүүчү ишембиликке катышышты. Пансионаттын айлана-чөйрөсүн тазалоодон тышкары биздин активдүү окутуучуларыбыз оюндарды, конкурстарды уюштурушту. Кечки гала-концерт бардык кызматкерлердин катышуусу менен өттү. Бул тимбилдингте академиянын жана техникумдун кызматкерлери дагы бир жолу бекем команда экенин далилдешти. Мындай иш-чаранын өткөрүлүп...
Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген экономисти А.Токтоналиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу айкелин ачуу аземи болуп өттү

Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген экономисти А.Токтоналиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу айкелин ачуу аземи болуп өттү

07.06.2019

Бүгүн КРПМБАга караштуу А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун алдында Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген экономисти А.Токтоналиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу айкелин ачуу аземи болуп өттү. Иш чарага КРПМБАнын жетекчилери, коомдук ишмерлер, БФЭТнун кызматкерлери, студенттери  жана А.Токтоналиевдин үй-бүлөсү катышышты. А.Токтоналиев мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1960-жылы 30 жашында Финансы министри кызматына келип 26 жыл жетектеп келген. А.Токтоналиев өзүнүн...
КРПМБАда “БИШКЕК ПАРКТАРЫ. КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ЧЕЧИМДЕР” КООМДУК ТАЛКУУ БОЛУП ӨТТҮ

КРПМБАда “БИШКЕК ПАРКТАРЫ. КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ЧЕЧИМДЕР” КООМДУК ТАЛКУУ БОЛУП ӨТТҮ

06.06.2019

2019 -жылдын 6-июнунда “Бишкек шаарынын парктары. Көйгөйлөр жана чечимдер” аттуу коомдук талкуу болуп өттү. Жолугушууга КРПМБАнын ректору Акматалиев А.А., коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, Бишкек шаарынын мэриясынын сейил бактарынын башчылары, шаардык кеңештин депутаттары, башкы архитектуранын өкүлдөрү, ошондой эле ЖКнын «Шаардык парктар» ишканасынын директору Умуралиева Калича катышты. Жакында эле «Шаардык парктар» ЖКнын директорунун кызмат ордуна дайындалган...
«ЖУСУП АБДРАХМАНОВ – УЛУТ ЛИДЕРИ»

«ЖУСУП АБДРАХМАНОВ – УЛУТ ЛИДЕРИ»

30.05.2019

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында КРПМБАда «Жусуп Абдрахманов – улут лидери» аттуу лекторий болуп өттү, бул иш-чаранын негизги максаты – Жусуп Абрахмановду кыргыз мамлекетинин пайдубалын кайрадан түптөгөн тарыхый инсандардын бири,  эли-жери үчүн чындап күйгөн улут лидери катары таанытуу болуп саналат. Бул инсандын кыргыз элине кылган кызматы баа жеткис, ал эми улуттук маселелерди чечүүдөгү курчтугу, чечкиндүүлүгү, тайманбастыгы азыркы лидерлерге үлгү болуусу зарыл. Бул иш-чарага...