КРПМБА жана Ханнс Зайдель Фонду өз ара кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий иш сапарында 15-апрелде Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель фондунун ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз тарабынан документке КРПМБАнын ректору Акматалиев А.А. жана фонд тарабынан Ханнс Зайдель атындагы Эл аралык кызматташуу институтунун директору Сюзанна Лютер кол коюшту.

Тараптар “Борбор Азияда мамлекеттик башкаруунун эффективдүү өнүгүүсү” долбоорунун алкагында өз ара кызматташууга макулдашышты, негизги максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик/муниципалдык кызматкерлерди даярдоо жана  квалификациясын жогорулатуу жаатында окуу программаларын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасындагы парламентаризмди жергиликтүү аймактарда өнүктүрүү, ошондой эле Академиянын институционалдык дараметин жогорулатуу болуп саналат.

dcdcd 

 

Copyright © 2016 АГУПКР
При перепечатке текстовой информации и фотографий ссылка на сайт обязательна