Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучулары өздөрүнүн видео сабактарын иштеп чыгуу боюнча воркшоптон өтүштү

    23.11.2019 ж.  КР ПМБАда окутуучулар үчүн тажрыйбалык семинар өткөрүлдү. Ал Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун каржылык колдоосунда уюштурулган. Иш чарада Германиядан келген психолог, ишкерлик жана билим жаатында Карстен Мертенс Тажрыйбасы менен бөлүштү. Семинардын максаты мугалимдер дидактикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып,өздөрүнүн видео сабактарын даярдоого жол көрсөтүү. Трениндин жүрүшүндө мугалимдер окууга байланыштуу видео сабактарды даярдоо процесси менен кенен таанышышты. Иш чаранын соңунда ар бир катышуучу өзүнүн сабагы боюнча видео материал даярдады. Аны мындан ары практикалык иштеринде колдоно алышат. Тренингдин соңунда окутуучулар атайын сертификаттарга ээ болушту.

4TYETUTREWRT

Copyright © 2016 АГУПКР
При перепечатке текстовой информации и фотографий ссылка на сайт обязательна