АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Кыргызстандын мамлекеттик кызматында адам ресурстарын башкаруу тармагындагы

20.09.2023

2023-жылдын 11-сентябрынан 20-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Корея Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин өнүктүрүү институту (LOGODI) менен биргеликте, «Кыргызстандын мамлекеттик кызматында адам ресурстарын башкаруу тармагындагы» 3 жылдык потенциалды өнүктүрүү программасынын биринчи бөлүгүн уюштурду.

Бул иш-чарага академиянын ректору, KOICA кеңсесинин өкүлдөрү, академиянын профессордук-окутуучулук курамы, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери катышышты.

Семинардын жүрүшүндө лекторлор Түштүк Кореянын мамлекеттик кызмат баалуулуктары, лидерлик, мамлекеттик кызматкерлерди эффективдүү окутуу ыкмалары, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик кызматкерлерди окутуу сыяктуу аспектилер боюнча тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.

Бул семинардын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.