АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

“Мугалимдер күнүнө” карата майрамдык иш чара

05.10.2023

2023-жылдын 5-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери “Мугалимдер күнүнө” карата академиянын профессорлук-окутуучулук курамын жана кызматкерлерин куттукташып майрамдык иш чара өткөзүштү.

Иш чаранын жүрүшүндө Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Билим жана илим департаментинин жетекчиси, профсоюздук комитеттин төрайымы Исланова Рахат Усенбековна жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Арапова Эльмира Байышевна жалпы катышуучуларды куттуктоо менен бирге академиянын профессорлук-окутуучулук курамын жана кызматкерлерин мугалимдер күнү менен куттуктап белектерин тапшырышты.